Өкмөт отставкага кетти

Өкмөт отставкага кетти
22-Фев. 2019, Жума, 12:43

Казакстан өкмөтү президент Нурсултан Назарбаевдин каалоосу менен отставкага кетти. Өлкө башчысы экономикада, биро топ тармакта оңдуу өзгөрүүлөр болбогонун улам өкмөттүн отавкасын талап кылганда Бахытжан Сагинтаев жетектеген өкмөт отставкасын сунуштады.

Назарбаев өлкөсү үчүн маанилүү чечим чыгарганын белгилеп, социалдык жана экономикалык абал мурдагы жылдарда туруктуу болгону менен учурда жетишсиз экенин айтты.

Көп сандаган мыйзам кабыл алынганына карабастан экономиканын бир топ тармагында оң өзгөрүүлөр болбогонун баса белгилеп “Ички дүң өндүрүмдө өсүш чийки зат булактарынын эсебинен болууда”,-деди.

Өкмөттүн Улуттук банк менен сапаттуу экономикалык өсүш үчүн чыныгы аракет жана куралдарды толугу менен колдоно албагандыгын айткан Назарбаев бир топ маанилүү тармакта конкреттүү жыйынтык болбогондугун билдирди. Өзгөчө айылдарда жемиштүү иштер жетишсиү экенин, чакан жана орто ишканаларда өсүш сакталбагандыгын баса белгиледи.

“Эки жыл мурда Баш мыйзамда реформа жасадык. Өкмөт губернаторлор менен биргеликте социалдык жана экономикалык темаларды чечүү үчүн укук жана көз карандысыздык берилди. Өнөр жай, социалдык инфраструктарларды өнүктүрүү, саламаттыктык жана билим берүүнү кошкондо бардык керектүү программалар кабыл алынган. Бирок системалуу түрдө иштер жасалган жок. Элдин кирешеси көбөйгөн жок. Үй-бүлө бюджетиндеги азык түлүккө чыгаша көбөйдү”,-деди.

Өкмөт мүчөлөрү, министрлер жана губернаторлор элдин көйгөйлөрүн укпагандыгын, кылган иштерин ачык айтпаганын баса белгилеген Назарбаев “Бул шарттарда президент жана Баш мыйзамдын кепилдикчиси катары элдин кызыкчылыгын эске алып өкмөттү отставкага кетирүүнү ойлоп жатам”,-деди.

Өлкө башчысы жаңы өкмөт элдин жашоо деңгээлин көтөрүү, экономиканын өнүктүрүү, стратегиялык максаттарды ишке ашырууда таасирдүү кадамарды ташташы керектигин айтты.

Назарбаевдин билдирүүлөрүнүн артынан президенттин сайтында жарыяланган Президенттин буйругунда өкмөттүн отставкасы кабыл алынганын, премьер-министрдин орун басары Аскар Мамин убактылуу премьер-министрлик милдетти аткарарын, жаңы өкмөт түзүлгөнчө министрлер кабинети убактылуу милдеттерин улантары белгиленди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду