Трамп-Ким саммитте: Беш өлкө эмнени күтөт?

Трамп-Ким саммитте: Беш өлкө эмнени күтөт?
27-Фев. 2019, Шаршемби, 12:27

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын АКШны президенти Дональд Трамп менен Вьетнамдын борбору Ганоиде өтө турган тарыхый саммитте талкуулана турган темалар аймактагы Япония, Түштүк Корея жана Кытай үчүн кызык болуп турат.

Эки лидер 28-февралдагы жолугушуусунда маанилүү темаларды бири же өзөктүк куралдар талкууланат.

Түндүк Кореянын каалаганы

Серепчилер Кимдин өзөктүк куралда дароо баш тартаарынан күмөн санашууда. Өлкөсүнүн санкциялардын бошотууну талап кылары болжолдонгон Ким Трампты буга кантип көндүрөрү кызыгуу жаратууда.

Түндүк Корея мындай кадамдар үчүн улутка коркунуч катары эсептеген АКШнын Түштүк Корея жана Япониядагы аскерлерин чыгарып кетүүү талап кылышы мүмкүн.

Трамптын талабычы?

АКШны лидер Түндүк Корея дароо эле, соодалашпастан өзөктүк куралдардан баш тартпасын билет.

Трамп бийлиги үчүн маанилүү артыкчылык өзөктүк куралсыздандырууну мыйзамдуу түрдө бир убакытка белгилөө. Түндүк Корея бийлигиен эл аралык текшерүүчүлөргө уруксат берүү, өзөктүк куралдардын инвентарын белгилөөнү сурайт.

Трамп саммитке келер алдында социалдык тармактар аркылуу Түндүк Корея өзөктүк куралдарына баш тартса дүйнөдөгү эң ири экономикалык күч болорун билдирген.

Twitter тармагында Түндүк Корея айрым мамлекеттерге караганда өнүгүүгө потенциалы бар экенин белгилеген.

Түндүк Корея өзөктүк куралдардан арылуусу шашылыш эместигин жана өз араларында оппозициянын сындарынан улам кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жаткан Трамп үчүн бул боюнча кадамдар өзүнүн ийгилиги катары жазылат.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын 2018-жылдын 12-июнунда Сингапурда өткөн тарыхый саммитте бир катар макулдашууларга кол койгон.

Түштүк Кореянын күткөндөрү

Аталган өлкө үчүн маанилүүсү Трамп менен Ким Чен Ындын ортосунда 27-28-февралда саммитте лидерлердин Корея согушунун аяктаганын жарыялаганда келип чыккан күтүүлөр.

Түштүк жана Түндүк Кореянын Түштүк Корея президенти Мун Джэин менен Ким Чен Ындын ортосунда өткө жылы сентябрдагы Пхеньянда саммитте эки өлкө армияларынын бардык душмандык аракеттерди аяктатуу макулдашуусунун “де факто” тынчтык жарыяланганына байланыштуу пикирлерден кийин АКШ менен Түндүк Кореянын жасай турган ушуга окшогон декларация согуштун аякташы деген мааниде болот.

АКШнын санкцияларды жойгону Түштүк жана Түндүк Кореянын ортосунда экономикалык санкцияларга жол ачат.

Кытайдын күткөнү эмне?

Түндүк Кореядагы туруксуздук акыркы мезгилде экономикалык тармакта маанилүү иштерди жасаган жана дүйнөлүк соодага багыт бере баштаган Кытайды да жакындан кызыктырат.

Түндүк Кореянын өзөктүк куралдары Кытайды тынчсыздандырып келет. Ошондой эле экономикасында төмөндөөлөр миңдеген мигранттардын агылуусуна себеп болурунан Кытай дв тынчсызданат. Түндүк Кореяга карата санкциялардын токтотулушу Кытайдын ишкерлик дүйнөсүнө өзгөчө ыраазы кыла турган өнүгүү болот.

Япониянын күткөндөрү?

Түндүк Корея ракеталарынын бутасында калган Япония бул саммиттин жыйынтыктарын чыдамсыздык менен күтүп жатат. Аталган мамлекеттин өзөктүк куралдардан арылышы Токиону өзгөчө сүйүнтөт.

Жерлерине Америка аскерлерин жайгаштырган Япония соодалашууга катышууга да кызыкдар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады