Америка жер астына мунай сактайбы?

Америка жер астына мунай сактайбы?
21-Сен. 2019, Ишемби, 12:31

Сауд Арабиядагы мунай жайларындагы кол салуудан кийин АКШ өлкөдөгү сакталган мунайларын чыгарарын билдирди.

Мунайдын баалары жогорулаганда президент Дональд Трамп мунайга талап болгондо жетишсиздиктерди толуктоо үчүн АКШнын өзгөчө кырдаалдарга сакталган муайларын базарларга чыгарарын айтты.

Трамп айткан запас Техас жана Луизиана штаттарында жер астындагы туз үңкүрлөрүндө сакталып турат. Өлчөмү 645 миллион доллар.

Бул стратегиялык резерв тууралуу кеп 1970-жылы башталган. Эл аралык Энергетика агенттигине мүчө мамлекеттер 90 күндүк муктаждыкка ылайыкталган мунай корлорун сактоону эп көрүшкөн. Антсе да АКШнын запасы дүйөдөгү эң ири өлчөмгө тең келет.

Резервдер эмне максатта топтолгон?

АКШда мунайдын запасын топтоо демилгеси 1973-жылы мунай тартыштыгы болгон. Мунай экспорттогон араб өлкөлөрүнүн бирлиги (OAPEC) 1973-жылдагы Араб-Израиль согушунда АКШ Израилди колдогондуктан мунай эмбаргосу киргизиле баштаган. Дүйнөдө мунай баалары баррелине 3 доллардан 12 долларга кымбаттаган.

Май куючу станцияларда кезек күткөн унаалардын кезеги ошол мезгилдеги мунай тартыштыгынын символу болду.

1975-жылы АКШ Конгресси, Энергетика саясаты жана Сактоо мыйзамын чыгарып, Стратегиялык мунай резервин түзүү чечими кабыл алынган.

Кайда сакталат?

Резервдерди сактоого төрт жай белгиленген. Алар Техас штатындагы Фрипорт жана Винни аймагы менен Луизиана штатындагы Лейк-Чарльз жана Батон-Руж аймагы.

Бул төрт жерде мунай жердин бир чакырым тереңдигиндеги туз үңкүрлөрүндө сакталат. Анткени мунайды жер үстүндө сактоо кыбатка туруп, анча коопсуз да эмес.

Фрипорттогу запас 254 миллион баррель

Стратегиялык Мунай резервинин сайтындагы маалыматка караганда 2019-жылдын 13-сентябрынан бери бул үңкүрлөрдө 645 миллион баррель мунай бар.

АКШдагы расмий мекемлердин маалыматына караганда 2018-жылы америкалыктардын күнүмдүк мунай керектөөсү 20,5 миллион баррель болгон. Башкача айтканда кандайдыр бир кризис болсо өлкөгө 31 күнгө жете тургандай мунайы бар.

Качан пайдаланылат?

Мунай резервин пайдаланууга уруксат берүү укугу президентте бар. Мыйзамга ылайык "энергияны берүү олутту үзгүлтүккө учураса" ал чечет.

Резервдерди рынакко чыгарууга эки апта керектелет. Чийки мунай запасталгандыктан унааларга күйүүчү майга айландыруу үчүн иштетилиши керек.

АКШнын Энергетика министри Рикк Перри “CNBC” телеканалына берген билдирүүсүндө Сауд Арабиядагы мунай жайларына болгон жардыруудан кийин резервдерди пайдаланууга берүү тууралуу сөз кылуу азырынча эрте экенин айтты.

Көп пайдаланылабы?

Мунай запасы акыркы ирет 2011-жылы пайдаланылган. Араб жазынан улам мунай үзгүлтүккө учурагандыктан Эл аралык энергетика агенттигине мүчө мамлекеттер жалпысынан 60 миллион баррель мунай базарга чыгарган.

АКШ башка окуялар болгондо да мунай резервдеринин бир бөлүгүн чыгарган. 1991-жылы Перс согушу учурунда президент Жорж Герберт Уокер Буш, 2005-жылдагы Кетрин бороонунан кийин ошол мезгилдеги президент Жорж Уокер Буш 11 миллион баррель мунайды пайдаланууга уруксат берген.

Бирок айрым катмарлар энергия өндүрүү өнүккөн ушул мезгилде АКШнын ири резервдердин сактаганын туура көрбөй келет. Ал тургай Вашингтондо айрым мекемелер 2014-жылы резервдерди толугу менен алып салууну сунуштаган.

2017-жылы Трамп бийлиги федералдык бюджетин жетишсиздигин жабуу үчүн запастарды сатууну талкууга койгон.

1997-жылы Билл Клинтон президент болуп турганда бюджеттин жетишсизидигин жабуу үчүн 28 миллион баррель мунай сатылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн