“Tesla” электромобиль чыгаруу боюнча рекорд койду

“Tesla” электромобиль чыгаруу боюнча рекорд койду
5-Апр. 2018, Бейшемби, 12:33

Акыркы үч ай ичинде электромобиль өндүрүшү 40 пайызга жогорулады. Бул тууралуу “Интерфакс” сайты билдирет.

Американын “Tesla Inc.” компаниясы биринчи чейректе электромобиль өндүрүшүн 40 пайызга көбөйттү. Алдыңкы үч айга караганда 34,494 унаа ашыкча чыгарылган. Бул - компания тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч.

Ошондой эле, январь-март айлар аралыгында 24 728 “Model S” жана “Model X”, 9 766 “Model 3” чыккан.

“Жыл башынан бери биз “Model 3” электромобилдеринин бир жумада чыкчу көлөмүн эки эсе артырдык. Электромобильдердин көптөн чыгарылышына тоскоодук жараткан факторлорду эске алып, тез чараларды көрдүк. Түзүмдү модернизациялоо үчүн кээ бир өндүрүштү чыгарууну токтоттук», - делинген компаниянын маалыматында.

Акыркы жети күн ичинде “Tesla” 2,02 миң “Model 3” электромобилин чыгарды. Кийинки жумада компания аталган үлгүдөгү 2 миң электромобиль жасап чыгарат. Муну менен бирге, 2 миң дана “Model S” жана “Model X” электромобильдерин чыгарууну көздөп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!