Алты дөңгөлөктүү “Range Rover”

Алты дөңгөлөктүү “Range Rover”
2-Май 2018, Шаршемби, 14:20

Сентябрь айында "Monaco Yacht Show”да «аксессуар» катары алты дөңгөлөктүү “Range Rover” унаасынын дебюту болмокчу.

Берлинде жашаган жана дизайн бюросун уюштурган грек дизайнери Теодорос Фотиадис кымбат яхталардын ээлери үчүн атайы «аксессуарды» даярдоону чечти. Фотиадис буга чейин деңиз кемелеринин долбоорлорун сунуштап келген, автомобилдер менен алектенбегенине карабастан кызыктуу унаа сунуштады.

Узун диапазондогу “Range Rover” үчүнчү “окту" кошкон, анын аркасында унаанын узундугу 6,2 метрге чейин өстү. Унаанын туурасы - 2,13, бийиктиги - 1,85 метр.

Жүргүнчүлөрдүн арткы жагында жүк ташууга арналган бөлүк пайда болду.

Ошого байланыштуу унаа эң узун атка ээ болду-T. Fotiadis Superyacht Land Tender Range Rover 6х6.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!