“Tesla” 785 млн доллар чыгым тартты

“Tesla” 785 млн доллар чыгым тартты
3-Май 2018, Бейшемби, 15:50

Электр унааларын чыгарган америкалык “Tesla” компаниясы 2018-жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча 785 млн доллар көлөмүндө чыгымга учурады.

“Recode” порталынын билдирүүсү боюнча, ушул менен “Tesla” алтынчы чейрек катары менен чыгымга батып келет. 2017-жылдын биринчи жарымында да компания 397 млн долларга, экинчи жарымында 401 млн долларга, үчүнчүсүндө 671 долларга, төртүнчүдө 771 млн доллар өлчөмүндө чыгым тарткан.

Ал эми компаниянын жалпы карызы 10 млрд долларга жетти.

Ошону менен бирге, “Tesla” апрель айынын аягында баасы 35 миң долларды түзгөн 2,27 миң “Model 3” электр унаасын жасап чыгарган.

Ал эми “Bloomberg” басылмасынын болжому боюнча, эгер компания жаңы инвестиция таппаса, 2018-жылдын аягында “Tesla”нын каражаты калбайт. Андан башка, “Bloomberg”тин маалыматы боюнча, компания ар бир мүнөт сайын 6,5 миң доллар жоготуп жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!