“Uber” дрондор аркылуу тамак жеткирүү кызматын кошот

“Uber” дрондор аркылуу тамак жеткирүү кызматын кошот
11-Май 2018, Жума, 16:17

““Uber” компаниясы АКШда дрондор аркылуу тамак жеткирүү кызматын сынактан өткөрөт”, -деп билдирет “Bloomberg.”

Дрондор аркылуу тамак жеткирүү кызматы биринчи болуп Американын Сан-Диего шаарында сынактан өтөт. Компаниянын башчысы Дара Хосровшахидин билдирүүсү боюнча, тамакты жеткирүү убакыты 10-15 мүнөттөн ашпайт.

Жаңы кызматты тесттен өткөрүү чарасы АКШдагы учкан дрондорду күнүмдүк жашоодо пайдалануу программасынын айланасында ишке ашууда. Былтыр бул программаны өнүктүрүүнү президент Дональд Трамп колдогон эле.

“Uber”ден бөлөк, компанияга “Alphabet”, “FedEx”, “Intel” жана “Qualcomm” да катышып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!