Аэропорттон айдоочусу жок автобустар каттайт

Аэропорттон айдоочусу жок автобустар каттайт
24-Янв. 2019, Бейшемби, 16:17

Кийинки жылдан баштап Япониянын Ханэда аэропортуна келген жүргүнчүлөрдү айдоочусу жок автобустар ташымалдап турмакчы. Бул транспорт тармагы – күн чыгыш элиндеги жумуш күчүнүн аздыгынан келип чыккан.

Аэропортто учактан терминалга чейинки аралыкта айдоочусуз автобустар жүрөт. Өткөн жумада Япониянын “ANA” улуттук ташымалдоочу жана башка алты компаниялар өз ара биргелешип автобустарды 10 күндүк сынактан өткөрүүнү баштады.

Транспорт толугу менен автономдуу жүрүп, сынактан өттү. “ANA” компаниясы айдоочусуз автобустар 2020-жылы өтүүчү олимпиада оюндарынын алдында даяр болооруна ишенимдүү. Автобуска 10 адам ташымалдайт. Ылдамдыгын саатына 30 чыкырымга чейин көбөйтө алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!