Унаанын рулу эмнеге титирейт?

Унаанын рулу эмнеге титирейт?
30-Янв. 2019, Шаршемби, 16:04

Темир тулпарды тизгиндегендер үчүн жаралган кыйындыктардын бири – унаанын рулунун титиреши. Өз унааңызда мындай “оору” жок болгон күндө да, башка унаага отурганда аны байкашыңыз мүмкүн. Унаанын рулу титирешинин түрлүү себептери бар. Унаа оңдогон жайларга барып бир сыйра карап чыксаңыз да болот. Анткени анын себеби жөнөкөй гана болушу мүмкүн.

1. Дөңгөлөктөгү баткак менен муз

Унаанын рулу титиресе эң алгач дөңгөлөктү караш керек. Эгер жабышкан баткак, же катыган муз болсо жууп тазалаңыз. Себеби дөңгөлөктөрдөгү тоскоолдуктар унаанын тең салмактуулук (дисбаланс) жаратат. Натыйжасында руль титирейт. Эгер дөңгөлөктү тазалагандан кийин рул титирегени басылса, анда кыйынчылыктын оңой чечилгени.

2. Дисканын сынышы

Дөңгөлөккө караганда дискага көңүл буруңуз. Диска майшайып калган болсо руль титирейт. Андан башка дөңөлөктө түйүн (шишка) жок экенин да караңыз. Эки учурда тең айдоочу үчүн кыйынчылык жаралат. Ошондуктан тезирээк оңдоп алууңуз керек.

3. Тең салмактуулукту сактаган темирдин түшүп калуусу

Унаа дискасындагы тең салмактуулукту сактаган темирди айдоочулар жакшы билсе керек. Жол начар болуп, бир жагындагы бул темир түшүп калса да кыйынчылык жаралат. Өзгөчө алдыңкы дөңгөлөктөгү түшсө руль титирей баштайт. Машинаны башкаруу да кыйын болот.

4. Рулдун тартуу учу бузулганда

Унаанын рулу бошоп кеткенде тартуу учунан да (рулевой наконечник) титирейт. Анын илмеги ар дайым серпилгенде же белгилүү бир күч тушкөндө гана бурулуш керек. Кээде ал нерсе корпусунда шалбырап бошоп кетет. Ушундан улам рул титирейт.

5. Олуттуу бузулунун кесепетинен

Эгер рулдун титиреши жогорудагы айтылган себептерден болбосо анда адиске көрсөтүү керек. Себеби унаада олуттуу бир көйгөй болушу мүмкүн. Өзгөчө билигин (карданный вал) караш керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту