“Tesla” компаниясы дагы бир чыгымга учурады

“Tesla” компаниясы дагы бир чыгымга учурады
1-Фев. 2019, Жума, 11:14

АКШнын электроунааларды жасап чыгарган “Tesla” компаниясы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миллиард долларга жакын чыгым тарткан. Бул тууралуу “The Detroit Times” сайты компаниянын жарыяланган каржылык эсебине стаянып кабарлады.

Өткөн жылы компания 21,4 миллиард доллар киреше тапкан. Жылдын төртүнчү чейрегинде 7,1 миллиард доллар киреше табып өз тарыхында машина сатуу боюнча рекорд койгон. Ушундайча “Tesla” өткөн жылдын акыркы үч айында 139,4 миллион доллар пайда көргөн.

Бирок жыл жыйынтыгы боюнча, бари-бир миллиардга жакын чыгым тартып отурат. Ал эми компаниянын ушунчалык чыгым тартышына анын башчысы да үлүшү бар. Мисалы, Илон Маск жеке учагынын жол чыгымы үчүн былтыр компаниянын эсебинен 700 миң доллар короткон.

“Tesla” компаниясынын өкүлү Дэйв Арнольд: "Бизде телепортациялык курал жок. Компания кирешелүү болсун десек жол чыгымдары үчүн акча жумшоого мажбурбуз", – дейт.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!