​Европанын кайсы өлкөсүндө унаа кырсыгы көп болот?

​Европанын кайсы өлкөсүндө унаа кырсыгы көп болот?
2-Фев. 2019, Ишемби, 13:35

“Daily Mail” басылмасынын изилдөөсүнө караганда, Австрия өлкөсүндө Данияга караганда 9 эсе көп унаа кырсыктары катталат.

Кырсыктар боюнча Европа комиссиясынын отчетуна ылайык, Австрияда 10 миң жашоочуга 44 кырсык туура келсе, ал эми Дания өлкөсүндө 5 кырсык болот. Ошондой эле Германияда 37, Бельгияда 35 кырсык туура келип унаа айдоо коркунучу жогору мамлекеттердин катарын толуктайт.

Словения, Португалия, Мальта жана Италия мамлекеттеринде 10 миң жаранга 30 жол кырсыгы катталат.

Улуу Британия 10 миң жашоочуга 22 кырсык каталып 19-орунда калган.

Ал эми унаа кырсыктары аз өлкөлөрдүн катарында Кипр (7,5) жана Финляндия (8,5) бар.

Жол кырсыгын изилдөөгө алган эксперттердин пикиринде кырсыктарды болтурбоо үчүн жол кыймылынын эрежелерин жакшы өздөштүрүү жана жолдордогу алаксытуучу факторлорду азайтуу керектигин айтышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!