2021-жылы авто жарыштын жаңы түрү пайда болот

2021-жылы авто жарыштын жаңы түрү пайда болот
4-Фев. 2019, Дүйшөмбү, 15:26

2021-жылы авто жарыштын жаңы түрү пайда болот. Ал “Extreme E” деп аталат. Буга жалаң гана электромобильдер катышат. Жаңы жарыш түрүн уюштурууну колдонуучулардын бири – азыркы "Формула 1" чемпионатынын башкы промоутери Алехандро Агаг.

Ошондой эле “McLaren” командасынын директору Жилем де Ферран да бул жарышка өз үлүшүн кошмокчу.

Авто жарыш экзотикалык аймактарда уюштурулат. Кээ бир маалыматтар боюнча, жарыш Арктика, Гималай тоолорунда, Амазонка, Сахара чөлү менен Инд океанындагы аралдарда өтүшү мүмкүн. Бул жарышты уюштуруунун башкы максаты - климаттын өзгөрүшүнө коомчулуктун көңулүн буруу.

Өтө турган жердин табиятына байланыштуу электр жол тандабас автоунаалар жарыш жолуна чыгат. Жилем де Ферран бул жарыш автоспорт тарыхында эң кызыктуу жарыштардын бири болорун маегинде баса белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!