Шведдик авто өндүрүүчү “Volvo Cars” 167 миң автомобили дүйнө жүзү боюнча электроприводордун эшик жана багажниктери иштебегени үчүн кайтарылууда. Бул тууралуу “Associated Press” маалымат булагы билдирет.
Эшиктин кыймыл механизми суук аба ырайында иштебей калат. Өндүрүүчү бул кээ бир учурда жаракат алып келиши мүмкүн дейт. Бирок мындай жагдайлар тууралуу маалымат жок.
2018-2019-жылкы “XC60” моделдери алынат. Автомобилдердин кожоюндары үчүн оңдоп-түзөтүү иштери бекер жасалат.
Мындан сырткары, январь айында “Volvo” 200 миң унаасын бензин түтүкчөсүндөгү маселеден улам артка кайтарганы маалым болду.