Канадада жүз унаа кагышты (видео)

Канадада жүз унаа кагышты (видео)
27-Фев. 2019, Шаршемби, 12:14

Канаданын Чыгыш тарабындагы Онтарио шоссесинде жүздөгөн унаа кагышып кетти. Кырсыктын себеби катуу жааган кар деп айтылууда. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ооруканага жыйырмадан ашуун адам түрдүү жана төртөө оор жаракат менен кайрылган.

Ошондой эле чоң жүк ташыган унаадан 500 литр күйүүчү май жерге төгүлгөндүгү айтылат. Учурда жеринен полиция кызматкерлери иш алып барууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!