“Lexus” премиум класс унаанын өндүрүшчүлөрү жаңы “Lexus UX 300” үлгүдөгү унааны кытайдын Гунанчжоу шаарында тартуулады.

Анда дүйнө жүзү боюнча бул компаниянын 1,6 миллион унаасы сатылгандыгы айтылат. Бул жаатта дүйнөлүк базарда алдыңкы орунду эч кимге бербей келет.

Жаңы электрдик унаа жолдо жүргөнгө, башкача айтканда анын аккумулятору күчтүү болгондуктан 400 км саатты басып өткөнгө жөндөмдүү.

Lexus UX 300 унаасы 2020-жылы Европа жана Кытай өлкөсүнүн базарларына сатыкка чыгат.