Феромондук тузактарды колдонуу боюнча иш-чара өттү

Феромондук тузактарды колдонуу боюнча иш-чара өттү
18-Апр. 2018, Шаршемби, 15:04

Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти феромондук тузактарды колдонуу боюнча иш чараларды өткөздү.

Бул тууралуу Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кабарлады.

Анда, республиканын аймагында феромондук тузактарды колдонуу менен изилдөө иш чара планын аткаруу боюнча Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин Борбордук аппараттын адистеринин тобу менен 2018-жылдын 12-15 апрелинде төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлдү:

  1. Феромондук тузактарды бөлүштүрүү ведомосту боюнча Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын өсүмдүктөрдүн карантини аймактык башкармалыктарына феромондук тузактар бөлүнүп, жеткизилип берилди;
  2. Ош өсүмдүктөрдүн карантини аймактык башкармалыгына башкача айтканда түштүк региону боюнча - өсүмдүктөрдүн карантини көчмө лабораториясы бөлүнүп берилди.
  3. Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын өсүмдүктөрдүн карантини аймактык башкармалыктарында 2018-жылдын 14-апрелинде адистерге төмөндөгү темаларда окуулар өткөзүлдү:

- КР УИАнын илимий кызматкери энтомолог Дүйшеналиев Ж феромондорду колдонуу жөнүндө;
- карантинге алынган өндүрүмдөрдү жана карантинге алынган объектилерди зыянсыздандыруу;
- Генераторлорду колдонуу менен аэрозолдук ыкмада зыянсыздандыруу;
- Эл аралык №15 стандарт боюнча таңгактоочуу жыгач таралары жана аларды маркировкалоо;
- карантинге алынган өндүрүмдөрдү жана карантинге алынган объектилерди зыянсыздандыруу иштерин уюштуруу;
- түштүк регионунун фумигатор адистерине атайын мүлк (аэрозолдук генератор, муздак туман генератору, коргоо жана маркалоо каражаттарын) өткөрүп берүү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!