Быйыл 154,1 миң га жерге күздүк эгин себилет

Быйыл 154,1 миң га жерге күздүк эгин себилет
21-Сен. 2018, Жума, 16:06

2018-жылкы жыйым-терим маселеси боюнча селектордук кеңешме өттү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешмеде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, бүгүнкү күнү республика боюнча түшүм жыйноо иши 80% га жыйынтыкталган.

«Буга катар күзүндө 154,1 миң га жерге күздүк эгин себилет. Муну эске алуу менен, даярдык иштерин өз учурунда жүргүзүп, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн маселесин ждеринде чечүү менен керектүү шарттарды түзүү зарыл. Берилген отчетторго ылайык, 2017-жылга салыштырмалуу быйыл өсүмдүктөрдүн түрү көбүрөөк өстүрүлгөн. Мындан ары карай өсүмдүктөрдүн кандай түрүн өстүрүү боюнча натыйжалуу сунуштарды даярдоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчтөндүрүү керек», – деди К.Боронов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!