Алдыга жылбаган айыл чарба

Алдыга жылбаган айыл чарба
26-Окт. 2018, Жума, 18:55

Акыркы учурда Айыл чарба, тамак - аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге сын-пикирлер көп айтылууда. Буга айыл чарба азыктарынын, өзгөчө картошканын, фасольдун баасы төмөн болуп жатканы, министрлик жетиштүү деңгээлде товарларды экспорттой албай жатканы менен байланыштуу.

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-октябрда министр Нурбек Мурашевди кабыл алып, өлкөнүн айыл чарба тармагындагы абал, күзгү талаа жумуштарынын жүрүшү, айыл чарба продукциясын экспорттоо маселелерин талкуулаганда, рыноктун баасын алдын ала билүү, айыл чарба продукциясын сатуу боюнча жетишсиз жумушту сынга алган жана айыл чарба продукциясын экспорттоо кайра иштетүү менен биргеликте дыйкандардын эмгегин колдоого жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган эң маанилүү чаралардын бири экенин белгилеген.

Нурбек Мурашев бул жылы айрым айыл чарба продукциясынын, тактап айтканда картошканын баасы былтыркыга караганда төмөн болуп, килограммы 5-7 сомдон сатылып жатканын маалымдаган. 2017-жылы картошканын баасы 8-10 сом болгон.

«Рыноктун анализи жүргүзүлгөн, жылына октябрь айында башка айларга караганда картошкага болгон баа төмөнүрөөк. Ноябрдын ортосунан баштап, баалар көтөрүлөт деп божомолдоп жатабыз. Учурда картошканы жана башка продукцияны экспорт кылуу боюнча Өзбекстан, Россия, Казакстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»

Эл өкүлдөрүнүн айыл чарба министрлигинин ишине ичи чыккан жок

КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевдин айтымында айыл чарбанын арабасы Акевдин учурунда эле сүйрөлбөй калган.

"Агрардык өлкө болгонубуз менен Акаевдин убагында эле айыл чарба тармагын, кооперативдердин быт-чытын чыгарып бөлүп салган. Лукащенко Белорусияда кооперативдерди сактап калган, Өзбекстан сактап калган. Бизде жерлерибизди үлүшкө бөлүп берген, ошону менен бизде рынок болуп кеткен. Азыр айыл чарбада эч нерсе жок. Болгону эле жайыт комитетине берилген акчалар, донорлор, анча-мынча үрөн чарбалар менен эптеп оокат кылып жатат. Айыл чарба министрлигин жоюп салууга каршымын. Биз агрардык өлкө болгондон кийин муну жандандыруу керек. Бизде адистик жактан тартыштык пайда болду. Азыр такшалып, иштеп келе жаткан кишини жоготууга аракет кылбаш керек, аны иштетиш керек, эскертүү бериш керек.Колдон-буттан алып, каржылык жагын карап, максаттуу багыттарды кылдырыш керек"

Төрага Дастан Жумабеков Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев калп айтып жатат деп, төө бурчактын жаңы уруктарын иштелип элге таркатылбаганын айткан.

"Сиз буудай деп дагы эле эски анализден кете албай жатасыз. Буудай деп айтканды токтоткула да. Кыргызстанда бүгүнкү күндө рентабелдүү өсүмдүктөргө кирбейт. Дыйкандар пайда таппайт. Фасоль боюнча айтып кеттиңиз. 26 жылдан бери фасольдун уругу бүгүнкү күндө ошол эле урук. Мен көргөн жокмун элге жаңы урук иштеп чыгып элгетарткатканыңарды"

Эсперттер эмне дейт?

Ал эми убагында айыл чарба министрлигинин орун басары кызматында иштеп кеткен академик Жамин Акималиев айыл чарбанын аксап жатканынын негизги эки себеби бар дейт:

Бизде агрардык саясат жок болуп жатат. Ал саясатты жургүзө турган бизде бир эле Өкмөттүк уюм бар. Бул айыл чарба министрлиги. Бирок, айыл чарба министри бул ишти аткара албай калганынын негизги эки себеби бар. Биринчиден, бизде айыл чарба тармагы эч кандай реформа болгон жок. Заман өзгөрүлдү. Мисалы, совет доорунда жер малдын баары мамлекеттин менчигинде болсо, азыр жердин 97 пайызы жеке менчик, малдын 99 пайызы жеке менчик. Жеке менчикти мамлекет кантип башкара алат? Ушундан башташ керек болчу да. Кыскасы, 27 жылдан бери 32 министр алмашты. Бир дагы эрки күчтүү, айыл чарбасын түшүнгөн адис келип, мурдагы уюмду кандайча жаңы заманга айкалыштырам деп аракет кылган жок. Мурдагыдай эле министр, анын төрт-беш орун басары, мурда эле беш миң киши иштесе азыр деле беш миң киши иштейт. Мен айыл чарба министринин орун басары болуп турган убакта оңой болчу, колхоз, совхоз бизге баш ийчү. Биз айтканыбызд жасашкан, азыр ар ким өзүнүкүн кылып жатпайбы. Демек, айыл чарба министрлиги алдын ала пландаштыруу, прогноз кылуучу орган болуш керек. Пландоо дегенди четке кагып койду. Японияда, Кореяда жети жылдык план деген болот, мына ушул жок. Эми картошкага келсек, быйылкы жылдын башында министрибиз Мурашев быйылкы жылдын башында быйыл картошканы көп сепкиле, 85 миң гектарга сепкиле. Көп түшүм алгыла. Себеби, быйыл Өзбекастан менен жакшы мамиле курдук. Ал жерде 32 миллиондон эл жашайт, ошолор биз менен сүйлөштү. Бардыгын сатып алабыз деди” деп элди ишендирип, эл байкуш ишенип баарын сээп, 1.5 миң тонна картошка алса Өзбекстан албайбыз деп баш тартып койду. Баа жер-жерлерде 5-6 сомго түшүп кетти. Ал эми картошканын өсө турган наркы 1 килограмга 12 сом болуп эсептелет. Күйүп жатпайбы. Министр ушул үчүн кетсе болот. Эмне үчүн быйыл жазында элдин баарын үгүттөп, элдин тилин алдырып септирди дагы, азыр болсо Өзбекстан албайбыз деп кетенчиктейт. Эми бүгүн орун басары айтты: “Жакында 17 фирма менен сүйлөшкөнү жатабыз” деп. Мунун баары жомок да! Күз келип калды, картошканы суук уруп кетсе болду.Крахмал болуп кантка айланат да, таттуу болуп калганда адам турмак мал жебейт койот. Мына ушинтип кууратып жатат. Мурдагыдай өндрбө дагы, жок дегенеде өндүрүп алган азык - түлүктү сактап алууга, аны экспорттого жардам кылыш керек да.

Чүй облусунун Көк –Ойрок айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылында дыйкачылык менен алектенген Жантөрө Жоодаровдун айтымында, мурунку жылы картошканын баасы жакшы болгон. Быйыл баа төмөн болуп жаткандыктан чыгашаларды актабай жатканын айтты.

Өзүм фермермин. 6 гектар жерге 80 сомдон Галандиядан келген жаңы сорт картошка тиктим.Быйыл картошканын баасы жакшы болбой жатат. Өзүн да актабай калды. Канча деген эмгектер күйүп кетти. Карап бакканыбыз, жерди арендага алганыбызды да актабай калды. Былтыркы жылы быйылкы баага караганда жакшы болгон. Экспорттой албай убара тартып жатабыз.

Өкмөттүн убадасы жана убарасы

Депутат Рыскелди Момбеков 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы "Ар кыл суроолор" саатында төө буурчактын баасы төмөн болуп жатканын айтып, Өкмөттү сындаган. Анын айтымында, Таласта төө буурчактын баасы кескин төмөндөп кеткен жана Өкмөт буга тиешлеүү деңгээлде көнүл бурган эмес.

"Таластын эли эгемендиктен бери бир эле нерсени өндүрөт, өстүрөт. Бул - төө буурчак. Төө буурчактын баасы жакшы болсо, көкөлөтүп көптүрөт. Баасы төмөн болсо чөгөлөтүп чөктүрөт. Азыркы күндө таластыктардын тагдыры жаман абалга кептелди. Төө буурчактын баасы күндөн-күнгө төмөндөп отуруп бугункү күндө 25 сомго чейин түштү. 2011-жылы ушундай болгон. Муну мен эмне үчүн айтайын деп жатам. Өткөндө 9-октябрда мамлекет башчыбыз Сооронбай Шарипович Талас облусуна иш сапары менен барган. Биз бир топ депутаттар коштоп барганбыз. Ошондо Ак-Дөбө айылында заводдун ачылышы болгон. Ачылыш аземинде 25 мамлекеттин өкүлдөрү келип, төө буурчактын “томатный” деген сортун 40 сомдон жана 60 сомдон алабыз деп айтышкан. Мен өзүм такап сурагам. Бааны кандай кыласыңар, президент келгенде бааны көтөрүп, эртең кеткенден кийин бааны түшүрүп салбайсыңарбы?,- дегенде алар "жок, ушул баада болот",- деп айтышкан. Бүгүн 15 сомго түшүрүп жиберишти. Ким күнөөлүү? Өкмөттөн буга көңүл бурган жок. Президентибиз эки күн мурун картошканын баасы боюнча айыл чарба министрин кабыл алып, катуу талап койду. Эмне үчүн Өкмөт башчыбыз Мухаммедкалый Дүйшекеевич Айыл чарба министрин чакырып, же болбосо Экономика министрин чакырып, төө буурчак боюнча кызыгып койгон жок? Эл араң эле чыдап турат, күндөн күнгө төмөндөп баратат. Алган киши жок, кызыл кулактар жайнап кетти. Анда эмнеге убадасын берди?"

Нурбек Мурашев 1975-жылы 3-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сакалды айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетин бүтүргөн.

Ал айыл чарба министрин 2016-жылдан бери жетектеп келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР