Кыргызстан Өзбекстанга картошка экспорттойт

Кыргызстан Өзбекстанга картошка экспорттойт
2-Ноя. 2018, Жума, 15:56

Кыргызстан Өзбекстанга картошка жеткирүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, октябрдын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, Өзбекстан тарап картошка импорттой ала турган 17 компаниянын атын атаган.

Жыйынтыгында, Ысык-Көл облусунун ишкерлери менен “Наманган Универсал Савдо Инвест” компаниясы менен 2 миң тонна картошка жеткирүүнү макулдашкан. Учурда анын 66 тоннасы жөнөтүлдү.

Фитосанитардык сертификаттоо өзбек тараптын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн.

2-ноябрда Кыргызстан Ташкенттеги элчилигинде картошка жеткирүү боюнча өзбек компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР