Жерлерди инвентаризациялоо бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет

Жерлерди инвентаризациялоо бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет
26-Ноя. 2018, Дүйшөмбү, 16:42

Бүгүн, 26-ноябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлгөн республиканын жер фондусун инвентаризациялоонун абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматы угулду.

Өкмөттүн 2014-жылдагы токтомунун негизинде өлкө аймагындагы жерлерди инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп келет. Бул иштин аягына чыкпагандыгына каржылоо маселесинен жерди инвентаризациялоонун максатын түшүнбөгөн жергиликтүү аткаминерлердин каалоосу болбогондугуна чейин бир катар себептер бар. Ошентсе дагы бүгүнкү күндө 26 райондо жерлерди инвентаризациялоо иштери жыйынтыкталып, сугат айдоо аянттары көбөйгөн.

“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасынын директору Ажыбек Касмалиев өзү жетектеген мекеменин кызматкерлеринин эмгек акысы болгону 5000 сом экенин, айлыктын аздыгы дагы көп иштерге кедергисин тийгизип жатканын кошумчалады.

Талкууда депутат Алмазбек Акматов бүгүнкү күндө жер саясатын жүргүзгөн төрт мамлекеттик орган бар экенин, мындан улам жерди инвентаризациялоо башаламан болуп жыйынтыкталбай жатканын айтып, Өкмөттүн бул маселеге олуттуу мамиле жасоого чакырды. Ошону менен катар эл өкүлү жер саясатын жүргүзүүчү бирдиктүү бир гана орган болушу керек деген пикирин билдирди.

Жыйынтыгында жер фондусун инвентаризациялоонун абалы жөнүндө Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Керималиев менен “Кыргызмамжердолбоорлоо” ишканасынын директору Ажыбек Касмалиевдин маалыматы эске алынды. Тиешелүү мекеменин эмгек акысын жогорулатуу маселеси Өкмөткө тапшырылды. Жерлерди инвентаризациялоо маселесин ыкчамдатуу белгиленип, анын жүрүшү тууралуу алдыдагы июнь айында дагы маалымат угулмай болду
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Таиров: 80 тонна өрдөк эти өрттөлүп жок кылынган
Таиров: 80 тонна өрдөк эти өрттөлүп жок кылынган
Кыргызстандын жарандыгынан 929 киши чыгарылды
Кыргызстандын жарандыгынан 929 киши чыгарылды
“Сүйөм сени жаным!”. Депутат Канат Исаев кыздуу болду
“Сүйөм сени жаным!”. Депутат Канат Исаев кыздуу болду
Ырчы Ислам Акматов сүйүктүүсүнө баш кошту​
Ырчы Ислам Акматов сүйүктүүсүнө баш кошту​
Каниметов: Быйыл мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 иш козголду
Каниметов: Быйыл мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 иш козголду
​Пеле: «Мен Месси менен футбол ойногум келет»
​Пеле: «Мен Месси менен футбол ойногум келет»
Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттап жатат
Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттап жатат
Тогуз айда 460 миңдей кыргызстандык 22 млрд сом насыя алды
Тогуз айда 460 миңдей кыргызстандык 22 млрд сом насыя алды
Президент:
Президент:"Чокморов өзгөчө инсандын үлгүсүн көрсөттү"
Илим Карыпбеков качан жана кайсы жерде ырдаш керектигин айтты
Илим Карыпбеков качан жана кайсы жерде ырдаш керектигин айтты
Эмил Эсеналиевдин катталуучулары 1 миллионго жетти
Эмил Эсеналиевдин катталуучулары 1 миллионго жетти
Айдана Дека кичинекей балдар үчүн бий тобун ачты
Айдана Дека кичинекей балдар үчүн бий тобун ачты
Саймаитиге кыргыз паспортун берүү боюнча иш сотко жөнөтүлдү
Саймаитиге кыргыз паспортун берүү боюнча иш сотко жөнөтүлдү
​Криштиану Роналдунун бизнес империясы (видео)
​Криштиану Роналдунун бизнес империясы (видео)
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Экологиялык таза продукцияларды экспорттогон өлкө болобуз"
Футбол көрүп жатып өмүрүнөн айрылды
Футбол көрүп жатып өмүрүнөн айрылды