​Дыйкан жана фермерлерге 5,6 млрд. сом насыя берилген

​Дыйкан жана фермерлерге 5,6 млрд. сом насыя берилген
10-Янв. 2019, Бейшемби, 16:11

Өткөн жылы “Айыл чарбасын каржылоо - 6” долбоорун ишке ашыруунун алкагында дыйкан жана фермерлерге 5,6 млрд. сомдон ашуун суммада жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

2018-жылы 5,6 млрд. сомдон ашык каражат 11 миң 332 айылдык товар өндүрүүчүгө берилген.

Берилген каражаттардын ичинен басымдуу бөлүгү же 2 млрд. 867,7 млн. сому мал чарбасына, өсүмдүк өстүрүүгө 1 млрд. 324,76 млн. сом, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүгө 1 млрд. 433,9 млн. сом жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!