Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти

Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
21-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 15:58

2019-жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки аралыкта республикада айыл чарбасындагы дүң продукциясынын көлөмү 167 млрд 625,9 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалымдашты.

2018-жылдын 9 айына салыштырганда өсүү ыргагы 101,8 пайыз болду.

2018-жылдын ушул мезгилине караганда быйыл айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмүнүн өсүшү мал чарбасынын өндүрүшүнүн 2,2 пайызга, өсүмдүк өстүрүүнүн 1,4 пайызга көбөйүшүнөн улам шартталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!