95 миң мектеп аттестатында ката табылды

95 миң мектеп аттестатында ката табылды
5-Июль 2019, Жума, 11:32

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарын текшерүү боюнча иш баштады.Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө берилген 95 миң аттестатта ката табылган. Аталган аттестаттарда "жөнүндөгү" деген сөздөгү “н” тамганын ордуна “ң” тамгасы колдонулган. Ал эми Нарын областынын Туз айылына берилген документте “реднюю” деген сөз ашыкча жазылып калган.

Бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 233-беренеси - “Коммерциялык же болбосо башка уюмда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” айыбы менен сотко чейинки териштирүү иши башталды.

Эскерте кетсек, аттестаттар мамлекеттик "Учкун" басылмасынан басылып чыгарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР