Быйыл окуу жылы 2-сентябрда башталат

Быйыл окуу жылы 2-сентябрда башталат
13-Авг. 2019, Шейшемби, 10:13

Кыргызстанда быйылкы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрь жекшемби күнгө туш келип калгандыктан, окуу жылы 2-сентябрда башталып, бардык мектептерде саат 9:00до Билим күнүнө арналган майрамдык салтанаттар, класстык сааттар өтөт. Ал эми 3-сентябрдан тарта окуу башталат.

Эскерте кетсек, былтыр парламентте окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселесин караган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!