АУЦА Борбор Азия боюнча мыкты университеттин катарына кирди

АУЦА Борбор Азия боюнча мыкты университеттин катарына кирди
16-Окт. 2019, Шаршемби, 11:32

Улуу Британиянын билим берүүгө адистешкен Quacquarelli Symonds компаниясы Европа жана Борбор Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн эң мыкты университеттеринин рейтингин түздү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Рейтингге жалпы 350 университет кошулган. Кыргызстандан Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА) 163-катардан орун алды.

Рейтингидин көч башында М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети турат.

Мыкты окуу жайлардын тизмесин аныктоо бир нече көрсөткүчтөр менен жүргөн. Алар: университеттин академиялык репутациясы, жумуш берүүчүлөр арасында анын кадыр-баркы, илимий публикациялардын кызматкерлердин жана студенттердин санына карата жарыяланышы жана илимий даражасы бар окутуучулардын саны.

Quacquarelli Symonds – билим берүүгө адистешкен компания. Ал 1990-жылы Нунцио Куаквелли тарабынан негизделген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!