Мектепке электрондук каттоо долбооруна дагы беш шаар кошулат

Мектепке электрондук каттоо долбооруна дагы беш шаар кошулат
24-Янв. 2020, Жума, 06:55

2020-2021-окуу жылына карата балдарды мектепке электрондук каттоо системасы менен кабыл алуу Кыргызстандын дагы беш шаарында жүргүзүлө баштайт. Алар: Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорго кошулган шаарларда электрондук каттоо 15-февралдан башталат. Ал үчүн балдарын биринчи класска берүүнү көздөгөн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg/ порталына катталып, талап кылынган бош талааны толтуруп, керектүү документтерди тиркеши керек.

Учурда долбоорго катышкан беш шаарда тиешелүү органдар тарабынан даярдык иштери жүрүп жатат: биринчи класска бара турган балдардын тизмеси, документтери жана башка маалыматтар такталууда.

Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелерге балдарын мектепке жазылуусун жеңилдетет.

Эскерте кетсек, мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылындаБишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынды.

Мектепке электрондук кезек системасынын аймагын кеңейтүү Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында ишке ашырылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абдрахманов Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалды
Абдрахманов Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалды
Бишкектеги павильондордун дизайны өзгөрөт
Бишкектеги павильондордун дизайны өзгөрөт
Өзүңүздү ар дайым сергек сезгиңиз келеби?
Өзүңүздү ар дайым сергек сезгиңиз келеби?
​Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингде көтөрүлдү
​Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингде көтөрүлдү
Кыргызстан - Корея аба каттамдарын ачуу аракеттери башталды
Кыргызстан - Корея аба каттамдарын ачуу аракеттери башталды
Кыргызстанда 2565 жеке ветеринар бар
Кыргызстанда 2565 жеке ветеринар бар
Бишкектеги эң популярдуу төлөм картасы болуп Visa эсептелет
Бишкектеги эң популярдуу төлөм картасы болуп Visa эсептелет
Статистика: өткөн жылы 12,9 миң тонна жүн өндүрүлдү
Статистика: өткөн жылы 12,9 миң тонна жүн өндүрүлдү
Кыргызстанда 1,4 млн тонна картошка өстүрүлдү
Кыргызстанда 1,4 млн тонна картошка өстүрүлдү
Ысык-Көл аймагында жер титиреди
Ысык-Көл аймагында жер титиреди
Кыргызстанга акча которуулардын өлчөмү 280 млн. долларга азайды
Кыргызстанга акча которуулардын өлчөмү 280 млн. долларга азайды
Кыргызстандыктардын өткөн жылдын 9 айындагы кирешеси аныкталды
Кыргызстандыктардын өткөн жылдын 9 айындагы кирешеси аныкталды
Ак сарай Nokia менен Ericssonду Huaweiге каршы койду
Ак сарай Nokia менен Ericssonду Huaweiге каршы койду
Япониядагы круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылганы айтылууда
Япониядагы круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылганы айтылууда
 Ат-Башыдагы логистикалык борбор: инвестор долбоорду токтотту
Ат-Башыдагы логистикалык борбор: инвестор долбоорду токтотту
Youtube: 15 жылдагы эң популярдуу видеолордун тизмеси чыкты
Youtube: 15 жылдагы эң популярдуу видеолордун тизмеси чыкты