Көзүңүздү тынбай ирмеп жатасызбы?

Көзүңүздү тынбай ирмеп жатасызбы?
4-Март 2019, Дүйшөмбү, 09:06

Көзүңүздү бат-баттан жуумп ирмеп жатасызбы? Ал көрүнүш көз айнек алмаштырганга деле болбой жатабы? Анда сизде “Кератоконус” оорусу пайда болуп жаткандыгынын белгиси.

Кератоконус-көздүн начарлоосу. Мында көздүн көрүүсү бара-бара дарыланууга деле болбой начарлай берет. Бул оорунун пайда болуу негизги себеби жок. Адистер бул ооруну көпчүлүк учурда тукум куучулук менен байланыштырат. Алардын айтымында: миопия жана астигматикага кабылгандар бир канча убакыт өткөндөн кийин, анын тагынган көз айнеги дагы жарамсыз болуп калышы мүмкүн. Себеби, көздүн көрүүсү улам-улам начарлап, тагыраак айтканда көз бир нерсени көрүүдө аны тунук көрө албай, бозомук боло баштайт. Мунун натыйжасы “Кератоконус” оорусун пайда кыла тургандыгын адистер эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР