Тамырдын согушунун өзгөрүп турушу кандай факторлорго байланыштуу?

Тамырдын согушунун өзгөрүп турушу кандай факторлорго байланыштуу?
16-Авг. 2019, Жума, 14:08

Адистердин айтымында тамырдын согушунун улам өзгөрүп турушу, айрым оорулардан кабар бергендигин эскертет.

Тамырдын согушу жүрөктүн бир мүнөттө канча ирет согушунан кабар берет. Ал адамдын жасаган кыймыл-аракеттери, жасаган көнүгүүлөр, эмоционалдык абалы, келбети, колдонгон дары-дермектери, абанын ысык жана муздаган сыяктуу факторлорлорго байланыштуу.

Адамдардын жашы улгайган сайын, алардын жүрөгүнүн согушу дагы басаңдайт. Тамырдын согушу эркекке караганда, аялдарда 7-8 эсе жогору болгондугу байкалат. Ошондой эле бою узун арык кишилерге караганда, бою узун семиз адамдардын тамырынын согушу жай болот.

Тынымсыз спорт жана көнүгүү жасап жүргөн адамдардын жүрөгү бир мүнөттө 60 жолу соккону нормалдуу көрүнүш.

-Жаңы төрөлүп, бир жашка чейинки балдардын жүрөгүнүн согушу бир мүнөттө 100-160 ирет согот

-1-10 жашка чейинки балдарда 70-120 жолу

-11-17 жаштагы балдарда болсо, бир мүнөттө 60-100 жолу согот

-17 жаштан жогоркуларда 60-100 жолу соккон нормалдуу көрүнүш

-Спортчулардын жүрөгү бир мүнөттө 40-60 ирет соккону нормалдуу көрүнүш

Жүрөктүн жөн эле туруп бирде бат, бирде жай согушу адамдарга физиологиялык жактан таасир этет. Жүрөктүн бат согушу деген сөз, жүрөктүн энергиясы бат короп жатат дегенди билдирет. Ошол эле учурда жүрөктүн бат согушу кан басымдын төмөндөшүнө, жада калса адам эс учун жоготконго чейин барат экен.

Ошол эле учурда жүрөктүн жай согушу дагы адамдарды эс учун жоготконго чейин жеткирип, денедеги кан айлануу системасы насчарлап, мээге жана башка органдарга кычкылтек жеткиликтүү жетпей калат.

Айрым дары-дармектер дагы таасир этет

Кыймыл-аракет, спорт менен машыгуу, эмоционалдык абал, курсактын ач жана ток болушу түздөн-түз жүрөктүн бирде жогору, бирде ылдый согушуна себеп болот. Мисалга, спорт менен машыгуу учурунда кан айлануу тездеп, жүрөк бат согуп калат. Ошол эле эмоционалдык абал өзгөргөндө дагы жүрөктүн согушу жогорулайт.

Жогорку кан басым, гормондордун өзгөрүлүп турушу дагы-тамырдын согушунун күчөшүнө себеп болот. Айрым дары-дармектер жана курамы кофеинге бай азыктар дагы кан тамырдын ылдам согушуна себеп болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!