Ден соолугуңуз мыкты болуш үчүн эмне кылуу кажет?

Ден соолугуңуз мыкты болуш үчүн эмне кылуу кажет?
14-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 11:32

Ден соолугуңуз мыкты болуш таң эртең менен тургандан тарта жасаган кыймыл-аракетиңиз маанилүү. Таң эртең менен турар замат, манжаларыңыз менен кулагыңызга массаж жасаңыз. Мындай ыкма кан айланууну жакшыртат. Муну менен бирге көз, тиштин дагы ден соолугуна кам көрөт жана беттин терисине абдан пайдалуу.

Эки колуңуз менен башыңызга массаж жасаңыз. Бул ыкма дагы баш оорунун алдын алат. Көзүңүздү жуумуп, баш бармагыңыз менен анын тегерегине укалоо жасаңыз. Ал көздүн чарчашынын алдын алат.

Кийин саат жебеси боюнча, колдоруңузду айландырыңыз. Бул ыкма булчуң эттерге абдан пайдалуу жана тамак-ашты бат сиңирүүгө жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!