Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди

Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
15-Окт. 2019, Шейшемби, 13:58

Россия Кыргызстанга дагы бир дарылоо-диагностикалык мобилдик клиниканы белекке берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-октябрь күнү Москвада мобилдик клиниканы салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Ал Батыш Европа менен Борбордук Азия өлкөлөрүнө техникалык жардам катары СПИДди жана башка жугуштуу ооруларды көзөмөлгө алуу регионалдык программа алкагында берилди. Бул жаңы клиника Баткен облусуна тапшырылмакчы.

Эскерте кетсек, буга чейин төрт мобилдик клиника берилип, алар Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарына бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!