Окумуштуулар арыктоого тоскоол болгон адаттарды аныкташты

Окумуштуулар арыктоого тоскоол болгон адаттарды аныкташты
15-Ноя. 2019, Жума, 11:27

Адистер телевизор жана компьютердин алдында тамак жеген зыяндуу адаттарга кирээрин айтышты. Бул учурда адам нормадан ашыкча жеши мүмкүн, себеби берүүгө алаксып канча өлчөмдө тамак жегенин аңдабай калат.

Жогорку калориялуу жана майлуу азыктарды жегенде бат толуп кетүү коркунучу бар. Эксперттер туура тамактануунун өзү пайдалуу натыйжа экенин баса белгилеп келишет.

Мындан сырткары ар түрдүү диеталардан качууну сунушташат. Диетологдор тамакты дайыма белгилүү бир убакта жеп туруу, тамакты үйдө даярдоо, азыктын сапатын текшерүү жана жеген тамактын өлчөмүн көзөмөлдөө, тамак жеп жатканда шашпай чайноо жана спорт менен машыгуу же болбосо көп кыймылда болуу сыяктуу нерселер ашыкча салмактан арылуунун эң натыйжалуу жолдору экенин айтып келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!