III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Өзбекстандын көк-бөрү боюнча улуттук курама командасы жарым финалда Казакстандын командасын жеңип, финалга чыкты.
Оюн Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында өтүп, беттеште 5:4 эсебинде өзбекстандык улакчылар жеңишке жетти.
Бүгүн, 7-сентябрда финалда өзбек командасы кыргыз улакчылары менен беттешмекчи.