Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасынын капчыгында 78 медаль бар. 30 алтын, 25 күмүш жана 23 коло.
Кыргызстан өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда келе жатат. Ал эми экинчиде Орусия 16 алтын, 9 күмүш жана 18 коло медаль. Кийинки тизмеге 11 алтын, 17 күмүш жана 21 коло медаль менен Казакстандын спортчулары илинди.
4-5-орундарда Түркмөнстандын жана Венгриянын курама командалары келе жатат.