Эки унаа кагышып 20 адам каза болду

Эки унаа кагышып 20 адам каза болду
5-Апр. 2018, Бейшемби, 10:13

Египетте жол кырсыгы катталып, 20 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Египеттин түштүк аймагындагы Сохаг жана Асьют шаарларын бириктирип турган жолдо катталган. Анда жүк ташуучу унаа менен эл ташыган кичи автобус сүзүшкөн. Кагылышуу айдоочулардын көрсөтүлгөн ылдамдыкты сактабаганынан улам келип чыккан.

Маалымат үчүн, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине ылайык, Египетте жыл сайын жол кырсыгынын кесепетинин 12 миңге чукул жаран каза болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!