Жер ортолук деңиз аркылуу Европа өлкөлөрүнө бара жаткан 200дөн ашуун мигрант чөгүп кетти. Бул тууралуу миграция боюнча дүйнөлүк уюм билдирди. Алардын айтуусунда Ливиянын жээгинде адамдардын өлүмү көп катталууда.
“Аткезчилер мыйзамдар кабыл алмайынча Жер ортолук деңиз аркылуу Европага өтүүнү каалаган качкындардын өтүнүчүн аткара бермекчи”,-бул туурасында Дүйнөлүк миграция уюмунун башчысы Ливии Отман Билбейси билдирди.
Жума күнү эле жүк ташуучу кеме чөгүп 103 мигрант кайтыш болгон.
29-июлдан 1-июлга чейин Европага бараткан миң качкынды Ливиядагы суу жээгинин күзөтчүлөрү өз мамлекетине кайтарган.