Мышык үчүн үй ээси бычакталып өлтүрүлдү

Мышык үчүн үй ээси бычакталып өлтүрүлдү
14-Ноя. 2018, Шаршемби, 11:29

Россиянын Саратов облусунун аймактык прокуратурасынын жарыялаган маалыттына ылайык, Энгельс шаарында жашаган 25 жаштагы кыз июль айында курбу кызынын үйүнө конок катары барып, ал үйдө жүргөн мышыкка тамак берүүгө уруксат бербей койгондугу үчүн 47 жашындагы үй ээсин 49 жерине бычак сайып өлтүргөн.

Алар бирге тамактангандан кийин, жаш кыз үй ээсине үй жаныбарларын ачка кыйнагандыгын айтып, үйдөгү мышыкка тамак берүүнү сураган. Бирок, бул сунушту четке каккан үй ээсин столдун үстүндө турган аш бычак менен 49 жолу сайгылап салган. Алган жаракатынан улам аял окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми 25 жаштагы кыз кылган кылмыш иши үчүн 10 жылга эркинен ажыратылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!