Киев: кыргызстандык жаран жардырууга шектелүүдө (видео)

Киев: кыргызстандык жаран жардырууга шектелүүдө (видео)
5-Апр. 2019, Жума, 16:39

4-апрель күнү Киев көчөлөрүнүн бириндеги автоунаага жардыргыч койгон адам кыргызстандык болгонун Украиналык Жалпыга маалымдоо каражаттары Жогорку Раданын депутаты Игорь Мосийчуктун айтканына таянуу менен жазып чыгышты.

Андагы маалыматта автоунаа Украинанын коргоо министрлигинин Чалгындоонун башкы башкармалыгынын офицерине таандык болгону айтылат.

Украинанын Башкы прокуратурасы маалымдагандай, бомба унаага орнотуп жатканда жарылган:

“Саат 3:17 чамасында Киев шаарында белгисиз адам тарабынан Украинанын атайын кызматынын офицерине карата террордук акт уюштуруу аракети болгон. Жардыргыч затты орнотуу учурунда убактысынан эртерээк иштеп кетип, денесинен оор жаракат алып, эсине келе албай ооруканада каза болду”

Жогорку Раданын депутаты Игорь Мосийчук жардырууну уюштурган адам Кыргызстандын жараны болгонун өзүнүн “фейсбуктагы” баракчасына жазды:

“Жабыр тарткан адам — Кыргызстандын жараны жана дал ошол адам автоунаанын алдына жардыруучу зат орноткон”


Учурда Киев полициясынын башкы башкармалыгы сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандын жардырууга катыштыгы бар тууралуу маалыматты тактоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады