Фуцзянь провинциясында жашаган Яо аттуу фермердин айтуусу боюнча токойчулар менен шаардын жашоочулары узундугу 4 метр болгон питондун ичинен 40 кг салмактагы эчкини алып чыгышкан. Окуяга күбө болгон фермер аны видеого тартып алган.

“China News” басылмасы билдиргендей аталган фермер жоголуп кеткен эчкисин издеп жүрүп, ферманын жанынан чоң жыланды көргөн. Анын айтымында жыландын ичи аябай көөп чыккан, дароо эле жоголгон эчкини жыландын жегенин баамдаган. Ушул жылдын башында эле анын 20 эчкиси жоголгон.

Фермер Яо токойчулар менен жергиликтүү жашоочуларды жардамга чакырган. Бир сааттай алпурушуп жыйынтыгында жыландын ичинен эчкини алып чыгышкан.