Трамп: Сирия боюнча кыска мөөнөттө жооп болот

Трамп: Сирия боюнча кыска мөөнөттө жооп болот
10-Апр. 2018, Шейшемби, 13:34

Чыгыш Гутадагы химиялык кол салуу боюнча айтылары менен АКШнын Сирияга кийлигишери же кийлигишпей тургандыгы талкууга алынды. Президенти Дональд Трамп таасирдүү жооп болорун убада кылды.

Коопсуздук боюнча кеңешчилери менен 9-апрелде жыйын өткөргөн президент журналисттерге “Аскердик жактан бир топ тандоолор бар. Кыска мөөнөттө чечим кабыл алынат”,-деген.

Чыгыш Гута аймагында 7-апрель, ишемби күнү химиялык кол салуу болгону болжолдонгон. АКШнын президенти кол салуудан жоопкерчиликтүү деп жаткан Сириянын президенти Башар Асадды “буга абдан көп кун төлөйт” деген.

Сирия жана Россия химиялык кол салууну жокко чыгарып, аймактан келген кабарлар жалган экенин билдиришкен.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде кайым айтыш

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде Сирия боюнча 9-апрелде өткөн жыйында Россия менен АКШнын өкүлдөрүнүн ортосунда айтышуулар болду.

Россиянын БУУдагы элчиси Василий Алексеевич Небензя химиялык кол салуу тууралуу айтылгандар жалган деди. Ошондой эле АКШнын Сирияга кол салуу ыктымалдыгы “абдан оор жыйынтыктарды” алып келерин эскертти.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли болсо БУУнун Коопсуздук кеңеши кыймылга келсе да, келбесе да АКШ кол салууга жооп берерин айтты.

“Россиянын колунда балдардын каны бар. Тарых бул учурду Коопсуздук кеңеши Сирия элин коргоодо толугу менен ийгиликсиз учур катарыбы же милдетин аткарган учур катары каттайбы? Эки учурда тең АКШ жооп берет”,-деди.

Россиялык дипломат АКШны керемет тил колдонуп, акарат жана чагымдар менен Россияга зыян келтирүү аракети менен айыптады.

Сирияда Дамаск шаарына жакынкы Чыгыш Гутаны көзөмлдөп турган куралдуу уюмдар ишемби, 7-апрелдин кечинде химиялык кол салуу болгонун, андан 70 адам ууланганын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!