Эверестке Астананын желеги орнотулат

Эверестке Астананын желеги орнотулат
10-Апр. 2018, Шейшемби, 14:48

Казакстандык альпинист Максут Жумаев Астананын желегин Азиядагы эң бийик чокуга же Эверест пигине орнотууну көздөп жатат. Ал ийгилигин шаардын 20 жылдыгына арнагысы келет.

Борбор шаардын акимиатынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда экспедиция 10-апрелде старт алып, 28-майда аяктайт.
2007-жылы Жумаев Эвересттин түндүк тарабынан чыккан. Бул жолу Непал жагынан же түштүгүндөгү чокуну багындырууну көздөөдө.

Альпинист жер жүзүндөгү бардык континенттердеги бийиктиктерге чыккан. Алардын арасында Азиядагы Эверест пиги (8848 м), Европадагы Эльбрус пиги (5642 м), Африкадагы Килиманджаро вулканы (8848 м) бар.
Максут Жумаев Казакстан Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн тоого даярдык бөлүмүнүн офицери. Ал 8 миң метрден ашкан дүйнөдөгү 14 бийиктикти кошумча кычкылтек жок багындырган жалгыз казак болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!