Аскердик учак кыйрады

Аскердик учак кыйрады
11-Апр. 2018, Шаршемби, 16:08

Алжирдин борборунун түштүк батышындагы Боуфарик аба базасына жакын жерде аскердик учак кыйрады. Өлкө медиасы көбү аскерлерден турган 100дөн ашык киши көз жумганы белгилүү болду.

Жергиликтуу булактар кырсыкта курман болгондордун саны 200гө жетерин болжолдоодо. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

14 тез жардам унаасы окуя болгон жерден ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Жергиликтүү телеканалдарда учак кыйраган жерден коюу кара түтүн чыгып жатканын көрсөтүүдө.

Алжирде 4 жыл мурда аскер кызматкерлерин, алардын үй-бүлөлөрүн алып бара жаткан учак кыйраган. Кырсыкта 77 адам курман болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!