Франция Асадга ыйгарган орденин кайра алат

Франция Асадга ыйгарган орденин кайра алат
17-Апр. 2018, Шейшемби, 12:15

Франция тарап Башар Асадга берилген Легион ардак орденин (Legion d'Honneur) артка алууга аракеттенүүдө.

Елисей сарайынан жасалган билдирүүдө Башар Асадга 2001-жылы Франциянын ошол мезгилдеги президенти Жак Ширак тарабынан берилген сыйлыкты артка кайтарып алуу процесси башталганы белгиленди.

Ширак 2000-жылы атасы Хафиз Асаддын 30 жылга созулган “темир муштум” режиминен кийин Сирияда бийликке келген Асадга реформа жүргүзүүдө деген негизде орден тапшырган.

Францияда 2010-жылы өзгөрүүдө “медалдын даражасына туура келбеген” мамиле кылган чет элдиктерден аны кайтарып алуу жагы каралган.

Сыйлык буга чейин допинг менен кармалган Америкалык вело жарышынын чемпиону Лэнс Армстронгдон, бөлүнүүчүлүккө байланыштуу сөздөрдү айткан англиялык модельер Жон Гальянодон кайтарылып алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!