Пулитцер сыйлыгы 2018-жылдагы ээлерине ыйгарылды

Пулитцер сыйлыгы 2018-жылдагы ээлерине ыйгарылды
17-Апр. 2018, Шейшемби, 14:12

17-апрелге караган түнү АКШда журналистика, адабият, театр жана музыка тармагында кадырлуу Пулитцер сыйлыгынын ээлери белгилүү болду.

Журналисттик тармакта аталган сыйлык “New Yorker” журналына жана “New York Times” гезитине Голливуддун белгилүү продюсери Харви Вайнштейнге байланыштуу кабарларынан улам берилди. Ошондой эле аталган сыйлык “New York Times” жана “Washington Post” басылмаларына АКШдагы президенттик шайлоого Россиянын кийлигишкени боюнча кабарларынан улам тапшырылды. Уюштуруучулардын айтымында бул макалалар 2400 материалдын арасынан тандалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!