Россия Дума аймагын изилдөөгө убакыт берди

Россия Дума аймагын изилдөөгө убакыт берди
17-Апр. 2018, Шейшемби, 14:56

Россия химиялык куралдар боюнча дооматтарды иликтөө үчүн өлкөгө келген Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун (OPCW) делегациясын шаршемби күнү Дума аймагына баруусуна уруксат берген.

Делегация Сирияга өткөн ишембиде барган. Бирок иликтөө иштерине уруксат берилбей жаткан.

OPCW адистери аймакта абада химиялык заттардын калдыктарын изилдейт.

Ал ортодо Сириянын мамлекеттик медиасы шейшембиде Хомс шаарына жакынкы Эш-Шайрат аба базасын бутага алган ракетаны абадан коргонуу системасы жок кылганын кабарлады.

Бул айтылгандардан кийин билдирүү жасаган АКШнын Коргоо министрлиги алар тараптан болбогонун белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!