15 жыл окумуштуулар изилдеген жыйынтык жарыяланды

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 09:13

Саунага такай баруу инсульт болуу тобокелдигин азайтарын окумуштуулар аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы 15 жылга созулган. Бул туурасында MedicalXpress порталына жарыяланган.

Окумуштуулар Чыгыш Финляндияда жашаган 53 жаштан 74 жашка чейинки 1620 кишини көзөмөлдөп, саунага канчалык тез баргандарына жараша бир канча топко бөлгөн.

Жумасына эки-үч ирет саунага баргандардын инсультка кабылуу ыктымалдыгы таптакыр барбагандардыкына караганда 61 пайызга аз экени белгилүү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!