Ашпозчу Япониянын премьер-министрине акарат кылды

Ашпозчу Япониянын премьер-министрине акарат кылды
8-Май 2018, Шейшемби, 16:13

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун жеке ашпозчусу иш сапары менен келген Япониянын министрлер кабинетинин жетекчиси Синдзо Абеге өзгөчө десерт даярдады.

“Jerusalem Post” гезитинин маалыматына караганда премьер-министрлер өздөрүнүн жубайлары менен чогу отурганда Сегев Моше металл ботинкага шоколад салып келген. Бул кылыгы эки тараптын дипломаттарын таң калтырды. Анткени япон маданиятында бут кийим төмөн буюм болуп эсептелет.

“Бул акылсыз чечим. Япон маданиятында ботинка менен үйгө киришпейт. Кеңселеринен да көрө албайбыз”,-деген.

Буга Япониянын дипмиссиясынын өкүлдөрү өз ойлорун айтышты. Алар дүйнөнүн бир да маданиятында бут кийимди столго койбойт.

Нетаньяху жана Абэнин түштөнүү учурунда тартылган сүрөттү Моше “Instagram” тармагындагы баракчасына жарыялады. Комментарийлеринде көптөрү ашпозчу ката кетиргенин жазышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!