Пашинян Армениянын премьер-министри болду

Пашинян Армениянын премьер-министри болду
8-Май 2018, Шейшемби, 16:29

Армениянын оппозициячыл лидери Никол Пашинян өлкөнүн премьер-министрлик кызматына дайындалды. Ага өлкөнүн парламентинде 59 депутат добуш берди. Ал эми премьерлик үчүн 53 парламентарийдин колдоосу керек эле.

Мурдагы премьер-министр Серж Саргсян оппозициячыл тараптардын массалык митингинен улам кызматынан чегинген. Ошол эле нааразычылык акциялары жана каршылыктар башкаруучу парламенттик коалициянын кулашына алып келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!