Мушкер каршылашын 9 секундда нокаут жыкты (видео)

Мушкер каршылашын 9 секундда нокаут жыкты (видео)
8-Май 2018, Шейшемби, 15:06

Жапониянын аралаш стилдеги мушкери Кёдзи Хоригути америкалык каршылашы Йена Макколланы 9 секундда техникалык нокаут менен жеңди. Мелдеш Rizin -10 беттешүүлөрү алкагында жапондордун Фукуоко шаарында болуп өттү. Хоригути америкалык каршылашын сол колу менен урган. Макколл кулап түшкөндө калыс мелдешти токтотуп, жеңишти Кэдзи Хоригутиге ыйгарган.


Макколл 2014-жылы UFC чемпиондугунда жеңишке жетишкен. Ал эми Хоригути менен 7 жолу жеңилип жатат. Мындан башка америкалык мушкердин эсебинде 13 жеңиши бар.

Хоригути болсо 24 жеңиши бар жана 2 жолу жеңилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!