Вулкан 21 үйдү кыйратты

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 13:01

Гавайи аралындагы Килауэа вулканы 21 турак жайды кыйратты.

Курулуштарды лаванын агымы жок кылган. Кыйроолор болгону асмандан байкоо жолу менен аныкталган.

Жанардан улам 1,7 миң тургун көчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаал кызматы лава агып чыккан жана уулуу газ чыга турган тогуз жарака тапкан.

Өткөн жуманын аяктарында Килауэа жанары күл бүрккөнү кабарланган. Ошондой эле сейсмологдор күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болгонун билдиришкен.

Зилзаланын очогу Хавайиан-Пэрадайс-Парк аймагынан 25,5 чакырым алыстыкта экени аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!