Вулкандан улам көч башталды

Вулкандан улам көч башталды
11-Май 2018, Жума, 13:40

Ява аралында Индонезиядагы эң активдүү Мерапи вулканы күл бүркө баштады.

“Jakarta post” басылмасы жанар тоонун айланасындагы тургундарды көчүрүү иштери башталганын, Жокьякарт административдик округунун аэропортту жабылганын жазды.

Жаратылыш кырсыгы Жокьякарта жана Борбордук Ява провинцияларына таасир этери болжолдонууда.

Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жою агенттигинин өкүлү абал нормалдуу экенин, тургундардын тынчсыздануусуна себеп жок экенин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!